Чагылган жүргүнчү ташыган автобуска түштү
Поделиться в:
“Грециянын түндүгүндө шаар аралык каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташып келе жаткан автобусту чагылган уруп, ал толугу менен күйүп кетти. Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок”,-деп билдирди РИА Новости.
Өзгөчө кырдаал жергиликтүү убакыт боюнча 16:00до Ферес аймагына караштуу Монастираки айылына жакын жерден болгон.
Александруполис — Орестиада багытына каттаган автобус, чагылган түшөөрү менен күйүп баштаган. Айдоочунун шамдагайлыгынан унаадагы жүргүнчүлөрдүн баары аман-эсен куткарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/chagylgan-zhrgnch-tashygan-avtobuska-tsht
Добавить комментарий ×