Чаңдын эң эле зыяндуу бөлүгүн чаң кенелери жана алар бөлүп чыгарган заттар түзөт
Адамзаты күн сайын 12 миң литр аба менен дем алат жана аны менен бирге эки аш кашык өлчөмүндө 6 миллиард майда чаңчалар кошо жутулат.
Бөлмөдөгү төшөнчө, жаздык, жумшак эмерек, килем, парда, жумшак оюнчуктар жана башка буюмдардын эскилиги жеткенде чаңды көп бөлүп чыгара баштайт. Аларга ашканадагы кээ бир зыяндуу заттар да кошулат.
Адистердин айтымдарында, бөлмөнүн чаңы көчө чаңына караганда 4-6 эсе кир жана 8-10 эсе уулуу келет. Үй чаңында аллергия козгоочу заттардын көптөгөн түрлөрү кездешет. Ага жаныбарлардын, канаттуулардын, тоту куштун пырлары, курт-кумурскалардан, анын ичинде таракандардын бөлүнүп чыккан калдыктары, китептер, коробкалардан, үй эмеректеринен бөлүнүп чыккан заттар жана башкаларды кошууга болот.
Чаңдын эң эле зыяндуу бөлүгүн чаң кенелери жана алар бөлүп чыгарган заттар түзөт. Чаң кенелери 80 пайыз нымдуулукта жана 25 градус жылуулукта жакшы көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Алар аба аркылуу организмибизге кирип, аллергияны жаратат. Кенелер көзгө көрүнбөйт, бирок, керебет, төшөнчүлөрдө жашайт жана уктоо мезгилинде адамдын терисинин төшөнчүгө сүрүлүүсүнөн улам түшкөн теринин өлгөн клеткалары менен азыктанат.
Төшөнчө, жаздык, жууркан, килемдерди күндүн ысык мезгилинде күнгө жайып, кышкысын сыртка алып чыгып тоңдуруп туруу абдан пайдалуу. Куш жүнүнөн жасалган жаздык, жууркандарды синтетикадан жасалгандарына алмаштыруу керек.
Ссылка: https://barometr.kg/chadyn-e-ele-zyyanduu-blgn-cha-keneleri-zhana-alar-blp-chygargan-zattar-tzt
Добавить комментарий ×