Чачтын агаруусун кантип алдын алуу керек?

15 ноября 2022 09:07 6058 Barometr
Поделиться в:
ok

Чарчаган көз караштар менен бет терисинин бошоң тартышынан тышкары агарган чачтар-организмдин картайып бара жатканынан кабар берет. Агарган чачтар кайсы гана куракта болбосун пайда болот. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Косметологиядагы мыкты жетишкендиктерге карабай ак чачтарды дарылоо бүгүнкү күндө аны боеп коюу менен гана чектелет. Ошентсе да чачтын агаруусун алдын алуунун бир нече ыкмалары бар. Аларга көңүл буруңуз!

Чач боечу каражаттарга көп учурда аммиак кошулат. Ошондуктан хна жана шалфейди табийгый чач боечу каражат катары колдонсо болот.

Негизинен чачка түс берип турган бул меланин болуп эсептелет. Меланин териге дагы, чачка дагы түс берет. Организмдин улгаюсу менен меланинди иштеп чыгуу жай болуп калат. Ак чачтарды алдын алыш үчүн меланиндин иштелип чыгуу процессине көңүл буруу кажет. Бул үчүн дарыгерлер бир нече дарыны сунушташат.

Ошондой эле эвгенол майы, Омегa-3 шампундарын колдонуу, меланинди чачка сүртүү, А , В12 витаминин колдонуу пайдалуу.

Стресс чачты бат агартат, ошондуктан аны мүмкүн болушунча азайтыңыз.

Туура тамактануу эрежелерин сактап жүрүңүз! Ошодо чачыңыз жакшынакай өңдө болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chachtyn-agaruusun-kantip-aldyn-aluu-kerek



Добавить комментарий