Чачты чайкоого суюктук даярдайлы

10 января 2019 11:08 1550 Barometr
Поделиться в:
ok

Үй шартында чачты күтүүнүн жасоонун жолдору өтө көп. Бүгүнкү  материалда чачты чайкоого арналган суюктук (ополаскиватель) даярдоону үйрөтөбүз. Бул суюктукту даярдоо жеңил жана  кол жетимдүү. Аны даярдоо үчүн алма менен суу гана кажет.

2-3 алманы жууп тазалап алабыз.

Алманын кабыгын арчыйбыз.

Алманын кабыгын идишке салып, ага 1 литр ысык суу куябыз.

Идишти отко коюп, кайнаган кийин отто 5 мүнөттөй кармаңыз. Идишти оттон алгандан кийин 15-25 мүнөттөй муздаганча күтө туруңуз. Андан кийин ичиндеги кабыктарды сыгып алып таштаңыз. Суюктукту башка идишке куюп алыңыз. Жуулган чачты ушул даярдаган суюктук менен шайкаңыз.

Бул суюктук менен чайкагандан кийин, чачыңыз жакшы таралат. Ал чачты жылтыратып, жибектей жумшак болушуна жардам берет. Эскерте кетүүчү нерсе, алма тандоого үй бакчасында өскөн алма болгоны жакшы. Себеби үйдүн алмасы витаминдерге толтура болот. Жакшы натыйжага кол жеткирүү үчүн убактылуу бир нече ирет колдонуу кажет экенин унутпасак.

Ссылка: https://barometr.kg/chachty-chajkoogo-suyuktuk-dayardajly



Добавить комментарий