Чачты кандай өңгө боегондо айымдар көркүнө чыгат?

3 января 2022 09:06 9132 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Адамдын сырткы келбети мыкты кыскартылып тегизделген чачтан гана көз каранды болбостон, чачка туура тандалып боелгон түскө дагы байланыштуу экенин талашсыз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Кээ бир боектор жаш кыздын жашына бир нече жаш кошуп коюушу да талашсыз. Ал эми туура тандалып ойдогудай боек менен боелгон чач, тескерисинче адамды алда келбетүү, алда канча жаш көрсөтүп, адамды көркүнө көрк кошуп өңүнө чыгараарын косметологдор айтып келишет.

Кубулган кызыл өңдөнгөн сары түс

Азыр сары түстөгү чачтар трендде, бирок, алтындай жагымдуу кошулмалары менен. Мындай түс адамды тазартып, жаңылайт жана жашыл жана көк көздөрдү ого бетер өңүнө чыгарат.

Куу өңдөгү чачтар терисинин өңү ачык, сары болсо мындай кыздарга куу өңдөр туура келбейт. Мындай өң менен чачты боёгондо абдан ойлонуп кадам жасоо зарыл. Себеби, бул өң адамды жашынан абдан эле кары көрсөтүп коюушу талашсыз.

Агыш түстөгү, ак жумал өңдүү чачтар

Мындай өң кызды ички дүйнөсүнөн көргөзүп чыгат. Эгер сизге чындыгында эле ачык өңдөр жагып жатса, туура эмес тандалган мындай түс баардык үмүттөрдү өлтүрүп коюушу мүмкүн. Ачык түстөгү жакшы профессионалдуу көптөгөн боектор кездешет. Сиз ачык түстөгү блондин болгуңуз келип жатса, сөзсүз түрдө чач боюнча чебер менен кеңешип кадам жасаңыз. Бул боек өтө кылдаттыкты талап кылат.

Чие, ширелүү кызгылт өң

Кызыл өңдөр баардык эле адамга жараша бербейт, биринчи боегондо жакшы көрүнүшү мүмкүн. Кайрадан кайталап чачты боё, чачка кочкул кызыл өң берип адамга бир кыйла жаш кошуп коюушу ажеп эмес.

Кара түстөгү чачтар

Сиздин чачыңыз табиятынан эле сары түстө болсо, эч качан аны кара түскө боёбоңуз. Кара менен боёлгон чач өсө баштаганда, түбүнөн чыккан кара чачтар өтө жагымсыз көрүнүшү ыктымал. Эгерде чачыңыз өзү эле кара болсо, андан дагы асыл өңдөргө басым жасаңыз, мисалга: “кара шоколод”, “муздак кочкул кызыл”.

Ссылка: https://barometr.kg/chachka-kelbetke-tuura-d-boyok-tandoo-maanilb



Добавить комментарий