Чачка арналган тунмалар
Кыз-келинчектердин өң-келбетинде адамдардын көңүлүн өзүнө буруп турган чачы менен жүзү. Өзгөчө, ийининен ылдый кеткен калың, тыкан өрүлүп, таралган чачы эмеспи. Ушуга байланыштуу сиздерге чачты бекем, узун жана жалтырак болуп өсүүсүнө жардам береген тунмаларды сунуштамакчыбыз.
Чалкан (репейник) тамырын майдалап турап, анын 10-15 грамын 0,5 литр сууга салып, 5 мүнөт кайнатып аласыз. Андан кийин аны сүзүп аоып, муздатып чачтын түбүнө жумасына 2-3 жолу сүртүп турасыз.
Бирдей өлчөмдөгү настурция менен крапиваны 60 пайыз спиртке салып, 10 күн коюңуз. Анан сүзүп алып, таза идишке куюп алаңыз. Аны менен 10-15 күн бою чачтын түбүн күн сайын сүртүңүз.
Ак кайың жалбырагынан бир аш кашык 20-30 мүнөт кайнатып сууга салып, эки сааттай тундуруп коюңуз. Тундурманы чачты жуган сайын башты сүртүүгө пайдаланат.
50 грамм черемицаны алып, 250 грамм спирт менен суунун кошулмасына салып кайнатасыз. Узак кайнагандан кийин сүзүп алаты. Даяр тундурма менен жумасына эки-үч ирет, кийин бир жолудан чачты журдун алдында сүртүп отурасыз.
Ссылка: https://barometr.kg/chachka-arnalgan-tunmalar
Добавить комментарий ×