Чачка арналган банан маскасы

26 февраля 2019 11:49 960 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда абанын булганышына байланыштуу чачка кам көрүү кыйындап барат. Чачка кубат берүү үчүн ага витаминдүү маскаларды колдонуп турган жакшы.

Банан менен бал маскасы

Бул маска өтө тез жасалат. Ал үчүн эки бананды эзип, ага бир чай кашык бал кошобуз. Булардын бардыгын блендерден өткөрүп алабыз. Даярдалган масканы чачтын түбүнөн баштап, учуна чейин жакшылап сүйкөйбүз. Андан соң отуз мүнөт тыныктырабыз. Отуз мүнөттөн кийин  жылуу суу менен жууп салабыз.

Банан менен йогурт маскасы

Мындай маска майлуу чачтар үчүн өтө пайдалуу. Ал үчун сизге эки банан менен йогур керектелет. Бананды жакшылап эзип, ага жарым стакан йогуртту куюп, жакшылап аралаштырабыз. Даяр болгон масканы чачка массаж жасоо ирээтинде сүйкөйбүз. Отуз мүнөттөн соң, жылуу суу менен жууп салуу керек.

Эгерде сиз чачыңыздын дагы да болсо жалтырап турушун кааласаңыз,  анда эки маскага тең алоэден жасалган гельди кошуп койсоңуз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/chachka-arnalgan-banan-maskasy



Добавить комментарий