Жумгалда чабандарды күрткүдөн чыгарышты
Бөлүшүү:
Жумгал районуда 10-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Чаек а/а Ой-Гайын жайлоосунда 10 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан.
11-сентябрь күнү атайын түзүлгөн ыкчам топ 1 чабанды мал жандыктары менен Байзак айылына аман-эсен түшүрүшкөн.
12-сентябрь күнү калган чабандарды көчүрүп келүү максатында ыкчам топ тартылып, 3 чабанды 2100 баш кой, 13 ийри мүйүүздү малдары менен аман-эсен күрткүдөн өткөрүшкөн. Ал эми калган чабандарды (мал-жандыктары такталууда) көчүрүү иш-чаралары 13-сентябрь күнү улантылат. Тартылган ыкчам топ туруктуу жайгашкан ордуларына кайтып кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/chabandarga-ubagynda-zhardam-berishti
Добавить комментарий ×