Үч жыл комада жаткан футболчу эсине келди
Бөлүшүү:
“Аякс” футбол клубунун мурдагы оюнчусу Абделак Нури комадан чыкты. Бул тууралуу TalkSPORT жазды.
Маалыматка ылайык, эми футболчу өз алдынча отуруп, тамак иче алат. Футболчу 2 жыл 8 ай 19 күн комада жатып, анан өзүнө келген.
Нури 2019-жылы 8-июлда немистердин “Вердер” клубу менен жолдоштук беттеш учурунда эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Дарыгерлер анын мээси жабыркаганын аныкташып, жасалма түрдө комага түшүрүшкөн.
Дарыгерлер анын мээси оңой менен калыбына келбейт, балким комадан чыкпай калышы мүмкүн деген диагноз коюшкан.
Ссылка: https://barometr.kg/ch-zhyl-komada-zhatkan-futbolchu-esine-keldi
Добавить комментарий ×