Үч айдан бери дайынсыз. Сокулук районунун тургуну изделүүдө. Сүрөт

3 февраля 2020 10:29 658 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук райондук милициясы Киров айылынын 29 жаштагы жашоочусун издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Ага ылайк, 1991-жылы туулган Халмурат уулу Курбанбек 2019-жылы 3-октябрда үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз.
Өзгөчө белгилери: бою 166 см, арыкчырай, чачы кара кыска, сакалы бар. Психикалык жактан жабыркайт. Үстүнө көк түстөгү күрмө, көк шым жана бутуна кара кроссовки кийген.
Эгер аны көрүп-билгендер болсо Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 60-75-67 телефондору аркылуу кабарлаңыз. Андан сырткары 0 (709) 35-35-29 , 0 (558) 86-14-86 номерлерине же милициянын 102 номерине чалыңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/ch-ajdan-beri-dajynsyz-sokuluk-rajonunun-turgunu-izdeld-srt



Добавить комментарий