Бюджеттин кем карчысына дагы 12 млн доллар насыя алынат

26 ноябрь 2018 13:52 1281 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын бюджетин колдоо багытында 24 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы кабарлады. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. 

Анын айтымында, Эл аралык өнөктүрүү ассоциациясы бөлө турган 24 млн доллар каражаттын 12 млн доллары грант, ал эми калган бөлүгү жеӊилдетилген насыя болуп саналат, насыя 38 жылдык мөөнөт жана 0,75 үстөк пайызы менен берилүүдө.

Тармактык комитеттин мүчөлөрү “2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамынын долбоорунун концепциясын жактырды.

 


Ссылка: https://barometr.kg/byudzhettin-kem-karchysyna-dagy-12-mln-dollar-nasyya-alynat



Добавить комментарий