Бюджеттик мекемеде иштегендерге ипотекалык насыянын үстөк пайызы төмөндөтүлдү
Бөлүшүү:
Турак жай сатып алуу үчүн берилүүчү ипотекалык насыянын үстөк пайызы бюджеттик мекемеде иштегендер үчүн 7-9%га чейин түштү. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев парламенттин бүгүнкү 27-февралдагы отурумунда билдирди.
«Ипотекалык насыяларды берүүнү үстөк пайызы төмөндөтүлдү. Буга чейин насыялар 10-12% менен берилип келген»,- дейт ал.
Вице-спикер Мирлан Бакиров буга чейин 10-12% менен ипотекага турак жай алгандар менен кайрадан эсептешүү жүргүзүлөөрүнө кызыкты.
Өз кезегинде Шамкеев бул багытта иштер жүрүп жатканын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/byudzhettik-mekemede-ishtegenderge-ipotekalyk-nasyyanyn-stk-pajyzy-tmndtld
Добавить комментарий ×