Бюджеттик каражатка автомашина, уюштуруу техникаларын сатып алууга тыюу салынды. Эмерек алса болот
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоорун жактырды.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Демилгечи-депутат Мурадыл Мадеминовдун айтымында, тармактык комитетке бир катар депутаттардан сунуштамалар түшкөндүгүн эске алуу менен, токтом долбоору аркылуу мамлекеттик органдардын бюджеттик каражатка автомашиналарды, уюштуруу техникаларын, эмеректерди сатып алуусуна 3 жылга чейин тыюу салуу чаралары сунушталууда.
Депутат Кубанычбек Нурматов 30 миӊден ашуун калкы бар айрым айыл өкмөттөрүндө совет мезгилинен калган эски эмеректер турганын, аларды жаӊысына алмаштырууга мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, автомашиналарды сатып алууга тыюу салып, мектептер менен ооруканалардын эмерек сатылуусуна уруксат берип, автомашиналардан үнөмдөлүп калган каражаттарды курулушу бүтөлек мектептерге жумшоо керек.
Жыйынтыгында депутаттар автомашиналар менен эмеректерди сатып алууга тыюу салып, уюштуруу техникаларын сатып алууга уруксат берүү керек деген чечмге келишти. Ошондой эле, тыюу салуу мектептер менен ооруканалардын эмерек сатып алуусуна жайылтылбайт.
Добавить комментарий ×