Быстроток каналына агып кеткен жарандын сөөгү бүгүн Чоң Чүй каналынан табылды
Поделиться в:
Быстроток каналына агып кеткен жарандын сөөгү бүгүн Чоң Чүй каналынан табылды. Бул туурасында ӨКМ билдирди.
Эске сала кетсек, 15-август күнү саат 10:40 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 1994-жылы туулган Ш. уулу К. аттуу жаран түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп, табылбай жаткан. Куткаруу кызматынан 20дай куткаруучу суучулдар издеп, бүгүн саат 15:30да Чоң Чүй каналынан таап чыгышты. Иликтөө иштеринен соң, табылган жансыз дене 24 жаштагы изделип жаткан жаран экендиги аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/bystrotok-kanalyna-agyp-ketken-zharandyn-sg-bgn-cho-chj-kanalynan-tabyldy
Добавить комментарий ×