Былжырып жатат: 27 жаштагы жигит сүйлөшкөн кызын эмнеге таштап кеткенин айтты

2 август 2019 11:50 21328 10 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Нур-Султан калаасынын тургуну 27 жаштагы Багжан сүйлөшүп жүргөн кызын бир күндүн ичинде баш тартып кетип калганы катуу талкуу жаратты. Бул тууралуу пикирин жигит Instagram социалдык желесине бөлүшкөн.

Анда Багжан быйыл күзүндө үйлөнөм деп чечим кабыл алган айтат.

“Менин үйлөнөр күнүмдү туугандарым жакшы билишчү. Той болбой калды. Анын себебин дагы жашырбайм. Сүйгөн кызым жаңы сүйлөшө баштаган кезде жакшы болчу. Жакында досторубуз менен тоого чыкмай болуп, аны дагы алып алгам. Таң эрте жетип ал күнү тоого түнөдүк. Эртең менен баарыбыз уйкуда жатканда досторумдун келинчектери, сүйлөшкөн кыздарынын баары туруп, тамак жасап, дасторконду жайнатып коюшуптур. Кубанып алардын жанына барсам менин сүйлөшкөн кызым жок. Карасам былжырап уктап жатыптыр. Бир жагынан ага жийиркенип, бир жагынан уятымдан жерге кирейин дедим.

Ошондон кийин андан жакшы аял чыкпасын билдим. Дароо ушуну менен баары бүтсүн дедим”,-деп жазды баракчасына жигит.

Окурмандар бул постту кызуу талкуулашууда. Алар “бул туура эмес жорук жаш кыз балким катуу уйкусу келгендир” дешсе, дагы бири “чыны менен уйкучу кыздан жакшы аял чыкпайт”, “кыздарга сабак болсун”, “аялдын андан таштагандай сен ким элең”  деген сыяктуу пикирлерин жазышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bylzhyryp-zhatat-27-zhashtagy-zhigit-sjlshkn-kyzyn-emnege-tashtap-ketkenin-ajtty



Добавить комментарий

  • Туура кылыптыр
  • Балким аялдарын куйоолору ойготкондору бардыр,адамдардын баары эле сергек эмес,балким чарчап катуу уктагандыр жигит болсо мындай кадамга барганы жигиттик эмес.
  • Түнү менен уктатпасаң элеби..😁
  • Уйку учун таштап кетсе анда ал жигит кызды суйгон эмес
  • Туну менен ал байкушту уктаткан жоксунго тан атканча анан жакшы аял чыкбайт дейсин.Барбы эже карындашын
  • Эми эл журтга айтып эмне кереги анын жашоосу эмне кылып бермек
  • Значит суйгон эмес,суйсо ушинтпейт эле ,мен канча уктап жаттым
  • Туну менен уктаткан эмессинда деп жатасынар,эгерде чогуу жатышса кызынын былжырап уктап жатканын туруп жатып озунун жанынан кормокда.
  • А мен бетке эле айтам уйкучумун жагабы жакпайбы твое дело, не собираюсь кому -то угождать😁