Былтыр “Кумтөр” кенинде 16 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү

19 марта 2019 16:17 1360 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылы  “Кумтөр” кенинде 534 миң 563 унция же болбосо 16 тонна 626,78 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу «Кумтор Голд Компани» компаниясынын ЖМК менен байланышуу бөлүмү кабарлады. 

Аталган маалыматка таянсак, сатыкка чыккан продукциянын көлөмү 16 тонна 498,79 килограмм алтынды түздү. Сатуудан түшкөн жалпы каражат 660,1 миллион доллар болду.

 Бир жылдын ичинде мамлекетке салык жана милдеттүү төлөм катары 9,6 миллиард сом которулду.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын «Кыргызалтын» ачык акционердик коому сатып алат жана Кара-Балтадагы аффинаждоочу ишканага андан ары кайра иштетүү үчүн жөнөтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/byltyr-kumtr-keninde-16-tonnadan-ashyk-altyn-ndrld



Добавить комментарий