Быйылкы күздө коронавирустун алгачкы белгилери өзгөрдү
2021-жылдын күзүндө коронавирустун алгачкы белгилери мурдагы толкундардан өтө күчтүү айырмаланууда. Бул тууралуу россиялык дарыгерлер маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.
“Коронавирустун жаңы белгиси-мурундан катуу суу агуу, мындай мурда болгон эмес. Көбү COVID-19 азыраак коркунучтуу болуп калды деп эсептешүүдө, бирок андай эмес. Инфекция тез өрчүп кетип жатат. Мурда пневмония бейтаптарда жетинчи күнү анан болсо, азыр үч күндөн кийин эле бул оору башталып кетүүдө”,-деп айтты Россиянын Фельдшерлер жана тез жардамдын кызматкерлеринин профсоюзунун башчысы Дмитрий Беляков.
Коронавирустун биринчи белгилери катуу кармаган гриппке окшош: тамакта кычышуу жана оору пайда болуп, температура жогору болмокчу. Ага кошумча баш айлануу, баштын оорусу жана жытты жоготуу сезимдери болушу мүмкүн.Мындан тышкары тамак сиңирүү жолдорунда оору пайда болуп, ич өтүү менен коштолот.
Ссылка: https://barometr.kg/byjylky-kzd-koronavirustun-algachky-belgileri-zgrd
Добавить комментарий ×