Быйыл мектептерге 95 миң мектеп аттестаты ката менен берилди
Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Нарын областынын Туз айылындагы мектепке берилген аттестаттарда кетирилген каталар тууралуу сотко чейинки өндүрүштү баштады. Мындан тышкары башка мектептерге дагы ката жазылган аттестаттар тапшырылганы тууралуу фактыны иликтеп жатат.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 233-беренеси - “коммерциялык же болбосо башка уюмда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча катталды.
Сотко чейинки иликтөө маалында 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө 95 миң нускада ката жазылган аттестаттар берилгендиги маалым болду.
Аталган аттестаттарда "жөнүндөгү" деген сөздөгү “н” тамганын ордуна “ң” тамгасы колдонулган, ал эми Нарын областынын Туз айылына берилген документте “реднюю” деген сөз ашыкча кетип калган.
Аттестаттар мамлекеттик "Учкун" басылмасына басылган.
Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-mektepterge-95-mi-mektep-attestaty-kata-menen-berildi
Добавить комментарий ×