Быйыл дүйнөдөгү туризм тармагы 1 триллион доллар чыгым тартышы ыктымал

26 марта 2020 16:34 1214 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө жүзүндөгү туризм тармагы коронавирустан улам 1 триллион доллар чыгым тартышы ыктымал. Бул тууралуу дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Булут Багчи билдирди.

Учурда туризм тармагы тарткан чыгым 600 миллион долларды түзөт.

“Вирустун тарап жаткан ылдамдыгын жана анын туризмге тийгизе турган тобокелчилигин эске алуу менен бул тармакта иштеген 50 миллион киши жумушсуз калышы мүмкүн”, — деди ал.

Дүйнө боюнча туризм тармагында бир жылда 1,7 триллион доллар айланат. Учурда туризм тармагынын түшүшү 70 пайызды түзөт. Төмөндөө темпи дагы деле уланып жатат.

Багчи туризм менен экономиканын 60 тармагы тыгыз байланышта экенин маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус 197 мамлекетке жайылганын билдирди. Андан 21,6 миң киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-djndg-turizm-tarmagy-1-trillion-dollar-chygym-tartyshy-yktymal



Добавить комментарий