Быйыл ажылыкка барчулардын билет баасы 1550 доллар деп бекитилди
Поделиться в:
Быйыл Кыргызстандын зыяратчыларын ажылыкка Flaynas компаниясы ташыйт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган компания конкурстун негизинде тандап алынган.
Авиакомпания талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жыйынтыгында кыргызстандык ажыларды ташуунун наркын 1550 АКШ доллары бойдон калтырышты.
Эскерте кетсек, 2019-жылы дагы авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллары болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-azhylykka-barchulardyn-bilet-baasy-1550-dollar-dep-bekitildi
Добавить комментарий ×