Быйыл 40 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылат
Быйыл кеминде 40 айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу пландалган. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында айтылды.
Аймактарды өнүктүрүү – заманбап транспорттук инфраструктура менен тыгыз байланышкан. 2019-жылы Өкмөт республиканын региондору аркылуу өткөн 335,5 чакырым эл аралык транспорттук коридор жолдун реабилитациясы менен реконструкциясын камсыз кылды. Анын ичинде, республиканын ар бир районунда 3 км жолду асфальттоо боюнча президенттин тапшырмасынын алкагында республикалык бюджеттен региондордо 168 чакырым жол 1,8 миллиард сомго асфальттанды. Бул механизм өз натыйжалуулугун көрсөткөн, 2020-жылы ар бир райондо дагы 3 чакырым жолду асфальттоо каралган.
Өкмөт тарабынан, аймактарды өнүктүрүү фонддору жана кен пайдалануу долбоорлорун ишке ашыруудагы социалдык программалардан аймактарга тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 2020-жылы гана дээрлик 4 миллиард сомду түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-40-ajyl-kmt-dotaciyadan-chygarylat
Добавить комментарий ×