БУУ: Дүйнөдө климаттын катастрофалык өзгөрүшү башталды

20 сентября 2021 13:27 5111 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөдө жылуулук 2,7 градус Цельсияга көтөрүлүп, катастрофиялык ысып кетүүгө жол ачылууда. Мындай эскертүүнү ишемби күнү Бириккен улуттар уюму, Глазго шаарында климат боюнча өтө турган конференцияга алты апта калганда маалымдады. Бул тууралуу аталган уюмдун отчетуна таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

191 мамлекет глобалдык ысыктын кесепеттерин азайтуу боюнча аракеттердин алкагында Улуттук милдеттемелерди баалоо боюнча отчет түзүлүп, анда дүйнөлүк температура 2,7 пайызга ысышы мүмкүн экени белгилүү болду.

191 өлкөдөн алынган жыйынтык парник газдары 2030-жылга карай 16 пайызга жогоруларын көрсөттү. Алар 2030-жылга карата тескерисинче 40 пайызга төмөндөшү керек болчу.

Бирок андай болбостон 2030-жылга карата анын 16 пайызга жогорулашы кылымдын соңунда температуранын болжол менен 2,7 градус Цельсияга ысышына алып келмекчи.

Дүйнөдө эң эле көп көмүр кычкыл газын абага бөлүп чыгарып жаткан Кытай климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүш үчүн улуттук салымы боюнча планын кайра карап чыга элек.

Ссылка: https://barometr.kg/buu-djnd-klimattyn-katastrofalyk-zgrsh-bashtaldy



Добавить комментарий