Буту жок орус блогери Рустам Набиев Эльбрус чокусун колу менен багындырды (видео)
Эки бутунан ажыраган орусиялык блогер Рустам Набиев буга чейин болуп көрбөгөндөй эрдик жасап, колдору менен Эльбрус тоосунун чокусуна чыга алды. Бул тууралуу блогердин соц тармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Блогердин инстаграмм баракчасына чокуну багындырган учур чагылдырылган видео жазуу жарыяланганынан көп өтпөй эле 600 000ге жакын жактыруу, 3000ден ашуун комментарийлерди калтырышты.
“Мен муну жасадым. Мен муну жасай алдым. Ушул колдор менен мен Эльбрус тоосунун чокусуна жеттим. Мага ишенген ар бир адамга рахмат, мен сиздерди аябай жакшы көрөм. Тоонун чокусуна чыкканыма сүйүнүп турам, көз жашымды кармана албай турам”, -деди блогер.
Буга чейин эч ким бул чокуну жалгыз колдун жардамы менен багындыра алган эмес. Чокуга чыгуу 15 чакырымга созулуп, 13 саатта туу чокусуна жеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/butu-zhok-orus-blogeri-elbrus-chokusun-kolu-menen-bagyndyrdy-video
Добавить комментарий ×