Бутка кам көрүүгө арналган бир нече кеңештер

26 января 2022 11:17 15585 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаз келгенде бутка кам көрүү өзгөчө талап кылынат. Анткени алдыда көп күткөн жай. Өзүңүздү ишенимдүү сезиш үчүн жайга азыртан кам көрүп баштаңыз!

Кургап жарылып кеткен таманга кантип кам көрүү керек?

Жарылып, кургап кеткен тамандарга жожоба, кокос майы жакшы жардамга келет.

Ошондой эле жумшартуучу маска колдонуңуз. Бул үчүн бир чай кашык сулуу үлпүлдөктөрүн балга жана бир жумурканын сарысына аралаштырып даяр болгон аралашманы 10 мүнөттөй таманга сүртүү керек. Андан соң ысык суу, муздак суу кылып алмаштырып, суу менен чайкап  курагатып туруп оливка майын же абрикос майын сүрткөн жакшы натыйжа берет.

Бутта ачышуу же кычышуу пайда болсо 

Буттун таманында ар кандай кычышуу пайда болсо бул синтетикалык материалдардын кесепетинен улам келип чыгышы мүмкүн.

Терини нымдаштыруучу кремдерди, душтан кийин жожоба жана кокос майларын колдонгон пайдалуу.

Буттун жагымсыз жыттанышы

Бул үчүн тамандарды кургак сактоого аракет кылган жакшы. Ным болгондо буттан жагымсыз жыт чыгат. Бул үчүн атайын спрейлерди, бор кычкылын колдонгон жакшы. Бор кычкылын бутту таза жууп кургаткандан кийин аптасына бир эки ирет жасап туруу керек. Ошондой эле ашыкча терчилдиктен дарыканадан сатып алган ромашка менен чайкоо аркылуу арылса болот.

Ссылка: https://barometr.kg/butka-kam-krg-arnalgan-bir-neche-keeshter



Добавить комментарий