Бурулайдын өлүмү. Кыз ала качкандарды 10 жыл эркинен ажыратуу сунушталды

6 июня 2018 23:30 4856 Barometr
Поделиться в:
ok

Мындай сунушту парламент депутаты Айсулуу Мамашева демилгеледи. Анын айтымында, кыз ала качууну адам уурдоо менен бирдей караш керек. Бул кылмыш үчүн 10 жыл жана андан көп мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. Айсулуу Мамашева, ала качууну уюштурган бардык катышуучулар жазага тартылышы керек экенин баса белгиледи. Эл өкүлү кылмыш жаза кодексиндеги мындай аракет үчүн каралган 5 жылдан 7 жылга чейинки жаза өтө эле жумшак деп эсептейт. Эске салсак, буга чейин 19 жаштагы Бурулайды ала качуу кыздын өлүмү менен аяктаган.

Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-lm-kyz-ala-kachkandardy-10-zhyl-erkinen-azhyratuu-sunushtaldy



Добавить комментарий