Бурулайдын денесинин экинчи жолку экспертизанын жыйынтыгы чыкты

8 августа 2018 02:10 5259 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жайыл РИИБнын кеңсесинде каза болгон Бурулай Турдалиеванын денесине экинчи жолку өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыгы менен  жазуулар табылган жок деп чыкты.  Бул тууралуу кыздын атасы Турдалы Кожоналиев 24.kg агенттигине  билдирген. 

Билдирмеде  экинчи жолу өткөрүлгөн экспертиза биринчи экспертизанын жыйынтыгына окшош болуп чыккан. 

«Мен эми кимге кайрыларымды билбей турам. Менде кызымдын денесинде Н+Б деп жазылган сүрөтү бар. Бүгүн ИИМдин башчысына барып жолугалык дегенбиз, бирок менин жактоочуларымдын колу бошобой калды», — деген Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиев.

Чүй ОИИБсы экспертизанын жыйынтыгы чыккандыгын тастыктады. 

Эске салсак, Бурулай кыз ала качуу окуясынын курмандыгы болуп, Жайыл райондук ИИБнин кеңсесинен өлтүрүлгөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-denesinin-ekinchi-zholku-ekspertizanyn-zhyjyntygy-chykty



Добавить комментарий