Бурулайды эскерүү күнү. Кыз ала качууга байланыштуу кырдаал өзгөргөн жок
КР БУУ өнүүгүү программасынын маалыматы боюнча Кыргызстанда 15-49 жаштагы ар бир аял 15 жашынан баштап физикалык зомбулукту баштан өткөргөн. 4%ы сексуалдык зомбулукка, 14%ы азыркы же мурдагы күйөөсү тарабынан эмоционалдык зомбулукка кабылган.
2018-жылдын 27-майында Бурулай милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү маалым. Андан соң коомчулукта кыз ала качууга байланыштуу жана Бурулайдын өлүмүнө жол берген милиция кызматкерлеринин иши тууралуу кеңири талкуу болгон. Кыздын өлүмү үчүн оор жаза берилди – Бурулайды күчтөп ала качып, өлтүргөнү үчүн Марс Бодошев 20 жылга эркинен ажыратылып, үй мүлкү алынды. Ага жардам берген жанындагы Акмат Сеитов жети жылга кесилди.
«Бурул аттуу ысым кыргыздарда аркасынан уул төрөлсүн деп ырымдалып, кызга коюлат. Ошондой эле Жаңыл деген ат дагы. Бизге кыздар жетишерлик, бурулуп кетсин, жаңылып кетсин деген мааниде. Менин эжеме дагы Жаңыл деп ат коюшкан. Бирок мен төрөлүп калдым. Тагдыр бурулбайт да. Бурулай дагы төрөлгөн 1998-жылдан тартып башка кыздар сыяктуу эле патриархалдык оорулуу коомдун курмандыгы болду. Балалыгы, өспүрүм жаш курагы кандай өткөнүн билбейм, бирок, биздин көпчүлүгүбүздөй эле чоңойгон деп ойлойм. Бизди баш ийдиришип, уялчаак жана ийкемдүү болууга үйрөтүшөт. Бул Бурулайдын үй-бүлөсүнө гана эмес, бардыгыбызга тиешелүү. Эстеликтеги сүрөттөгү Бурулай – бул биздин баардыгыбыз. Коом бизден талап кылып, көргүсү келгендей тилалчаак, уяң. Зомбулуктун уяң, тартынчаак курмандыгы. Билесиздерби, эгер үй-бүлөлүк зомбулуктан улам каза тапкан ар бир аялдын портретин тартканыбызда, шаар боюнча мындай портреттер канча болмок. Бурулай 11.08.1998 – 27.05.2018.», - деп билдирди атактуу искусство таануучу, антрополог жана сүрөтчү Алтын Капалова.
Кыздын өлүмү коомчулукта катуу талкууга алынса дагы кыз ала качууга байланыштуу кырдаал өзгөргөн жок. Зомбулуктун курмандыктарынын бардыгы эле өз укуктарын коргой алышпайт. 2013-2018-жылдары ички иштер органдары тарабынан кыз ала качууга байланышкан (КР ЖК 154 жана 155-беренелери) 895 билдирүү жана арыз катталган. Анын ичинен 168 факт боюнча гана иш козголсо, калган 727и баш тартышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/burulajdy-esker-kn-kyz-ala-kachuuga-bajlanyshtuu-kyrdaal-zgrgn-zhok
Добавить комментарий ×