ЖРТга катышуу үчүн 41 727 абитуриент каттоодон өттү

20 июня 2020 13:33 747 Barometr
Поделиться в:
ok

“Жалпы республикалык тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр 21-июнда негизги тести, ал эми 23-июнда предметтик сабактар боюнча тест тапшырышат. ЖРТны өткөрүү үчүн 117 борбор даярдалып, санитардык талаптар катуу көзөмөлдөнөт”, - деп билдирди билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Анын айтымында,  ЖРТ 24- 25-июнда 2 этап менен өткөрүлөт. Ар кандай себептерге байланыштуу,  каттоого жана тестирлөөгө катыша албай калган окуучулар 11-12-июлда катыша  алышат. Ал эми, тесттин жыйынтыктары 13-19-июль күндөрү белгилүү болот. Бул жылы ЖРТга катышуу үчүн 41 727 абитуриент каттоодон өткөн.

Жогоруда аталган борборлордо, даярдык иштери аяктоодо. Тестирлөөнү өткөрүүдө санитардык- эпидемиологиялык ченемдер так сакталып, окуучулардын арасында социалдык аралыкты сакталып, алардын дене табы текшерилип турат.

Ссылка: https://barometr.kg/bul-zhyly-zhrtga-katyshuu-chn-41-727-abiturient-kattoodon-tkn



Добавить комментарий