Бул мүнөздөр сизде барбы? Болсо анда куттуктайбыз, сейрек кездешчү адамсыз!

25 апреля 2019 18:31 5147 Barometr
Поделиться в:
ok

Швецариялык педагог, аналитикалык психологияны негиздөөчү Карл Юнг адамдардын тиби психологиялык түзүлүштөр:экстраверт жана интроверт, ошондой эле психикалык функциялар аркылуу- ой жүгүртүү, сезим, сезүү жана интуиция менен аныкталат деп эсептеген.

Анын негизинде психологдор мүнөздөрдүн базасында адамдарды 16 түргө бөлүшкөн. Алардын арасында INFJ түрү тактап айтканда интроверсия, интуиция, сезим, ой жүгүртүү тибиндеги адамдар өзгөчө уникалдуу деп эсептелет.

INFJ тибиндеги сейрек адамдардын катарына сиз кирбейсизби? Себеби мындай адамдар өз потенциалын толук пайдалана билсе  дүйнөдөгү эң атактуу адамдардан болуп чыга келет. barometr.kg мындай адамдарга таандык мүнөздөр топтомун сунуштайт.

Төмөндө уникалдуу адамдарга таандык 12 өзгөчөлүккө көз салыңыз!

1.Бул адамдар чындап эле мааниге ээ болгон нерселерге гана көңүл бурат, майда-чүйдөгө маани бербейт.Кандай кыйынчылыктар кездешпесин аталган типтеги адамдар өтө салкын кандуулук менен ишенимдүү түрдө аракет кылышат. Бир нерсеси ишке ашпай калса ага жеткире турган башка пландарды ойлоп табат.

2. Алар өзүнүн ишин эмнеге жасап жактанын так билишет.Бул адамдар абдан жоопкерчиликтүү жумушчулар.Эч качан “галочка” үчүн иштебейт.Максатты так билет жана ага жетүүгө бар күчүн салат.

3. Алардын интуициясы күчтүү иштейт. Бир нерсе болорун алдын ала сезип токтоосуз түрдө ишке киришет.

4. Чындыкты билиш үчүн жалпыга белгилүү фактылардан дагы көп нерсени казып чыгып, билимин кеңейткенге аракет кылат. Дүйнөнү жана ааламдын сырларын ачып билүүгө ынтызар болот.Аалам өзүнүн сырлары менен анык абдан кызыктырат.

5. Анын достору аз жана достору чыныгы достор.

Өздөрү жактырган адамдар менен гана мамиле түзүшөт. INJF көбүнчө өзү менен өзү болуп ой жүгүрткөндү жактырышат.Бар жана ресторандарга барып отурбай үйдөн эс алганды артык көрөт.

6. INFJ тибиндеги адамдар абдан сезимтал жана айланасына жакшы көмөк бере алат. Камкор жана чын көңүлдөн мамиле кылуучу адамдар.  

7. Алар айланасын ачык китептей эле окуп коет.

Башкалардын эмоцияларын дароо туя билишет. Адам канчалык чыныгы сезимдерин жашырса да калп айтып жатканын дароо сезет. 

8. Өз алдынча ой жүгүртүп баарын ойлонуп чыкканды жакшы көрөт.  

9. Алардын алдыда эмне кыларын болжой албайсың.Сырга бекем.  

10. INFJ тибиндеги адамдар максатка жетиш үчүн колунан келгенин жасайт.   

11.  Маселени ар тараптуу карап, комплекстүү чечет. Мындай адамдар сейрек учурда ката кетирет.

 12.Өз сезимдерин жазуу түрүндө билгизгенди жакшы көрүшөт. Ички гармонияга жана токтоолукка ээ.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/bul-mnzdr-sizde-barby-bolso-anda-kuttuktajbyz-sejrek-kezdeshch-adamsyz



Добавить комментарий