Жээнбеков Венгрия президентин Кыргызстанга чакырды (сүрөт)
Будапештте Кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 29 сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Венгрияга расмий сапарынын алкагында Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушту.
Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана экологияны коргоо боюнча пикир алышуу болду.
Янош Адер Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министринин жемиштүү сүйлөшүүлөрү өлкөлөрдүн өз ара байланыштарын өнүктүрүүгө сөзсүз дем берерин белгиледи.
Ал ошондой эле, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселеси мөңгүлөрдүн эриши жана заманбап глобалдык чакырыктарды эске алуу менен актуалдуу болуп каларын баса белгиледи. Буга байланыштуу Янош Адер келечекте дүйнө өлкөлөрүнүн күн тартибинде суу пайдалануу маселеси кыйла артыкчылыктуу болоруна көңүл бурду.
Жээнбеков Венгрия президентин эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканы менен куттуктады. Ал жогорку деңгээлдеги туруктуу сүйлөшүүлөр мындан ары көп тараптуу жана кыргыз-венгер кызматташтыгын активдүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.
Ал ошондой эле, Кыргызстан экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин, ата мекендик айыл чарба продукциялары экологиялык таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгиледи. Жээнбеков бул багытта өз ара кызматташууга даярдыгын билдирди жана Венгрия президентин Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.
Тараптар эки өлкөнүн бакубаттыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн активдүү байланыштарды улантуу зарылдыгын белгилешти.
Ссылка: https://barometr.kg/budapeshtte-kyrgyz-venger-kyzmattashtygyn-nktrn-belgileshti-srt
Добавить комментарий ×