БШКнын мурдагы төрагасы: Сот “Кыргызстан” партиясына адилеттүү чечим чыгарып берүүгө милдеттүү

27 августа 2020 17:21 2014 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими мыйзамсыз, сот аны жокко чыгарууга милдеттүү. Бул тууралуу БШКнын мурдагы төрагасы Мамбетжунус Абылов билдирди.

Анын айтымында БШК “Кыргызстан” партиясынын документин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруудан мурун биринчи эскертүү берүү керек болчу.

“Менин түшүнүгүм боюнча документти катоодогу талаш маселеге эки гана себеп бар. Биринчиси документти бир-эки мүнөткө кечиктирип тапшырышкан жана документтерди ыйгарым укуктуу тарап эмес, анын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келген.

Эгер “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамды карасаңыз, 61-беренеде партияны каттоодон баш тартууга негиз  болгон жети пунк турат. Бирок кечигүү жөнүндө, же ишенимдүү адамдан документтерди кабыл алуу мүмкүн эместиги жөнүндө эч нерсе жок. Мыйзамда документти БШКга саат 18:00гө чейин тапшырышат деп айтылат.

Бирок, ушул пунктту сактабагандыгы үчүн эч кандай санкция каралган эмес. Жана бул каттоодон баш тартууга негиз боло албайт. Акыркы чара катары БШК партиянын дкументтерин кайтарып бербестен эскертүү берсе болмок. Бирок шайлоодон четтетүү ачыктан ачык мыйзам бузуу болуп саналат. Сот ушул мыйзам бузууларды эске алып, “Кыргызстан” партиясына адилеттүү чечим чыгарып берүүгө милдеттүү”, – дейт БШКнын мурдагы төрагасы.

Ссылка: https://barometr.kg/bshknyn-murdagy-tragasy-sot-kyrgyzstan-partiyasyna-adilett-chechim-chygaryp-berg-mildett



Добавить комментарий