Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 1255 номуруна чалса болот
Шайлоо процессинин коопсуздугун атайын даярдыктан өткөн 11 миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери камсыз кылат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 11-апрелдеги брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, ар бир шаарда жана облуста аймактык шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтор түзүлгөн, алар кырдаалды көзөмөлдөп турушат жана керек болсо, мүмкүн болгон мыйзам бузууларга тез арада чара көрүү үчүн бардык чараларды көрүшөт.
Ал Борбордук шайлоо комиссиясында 1255 акысыз ишеним телефону иштей тургандыгын, ал аркылуу шайлоо процессинин бардык субъектилери, айрыкча шайлоочулар шайлоо процесси жөнүндө ар тараптуу маалымат алып, ошондой эле, добуш берүү учурунда кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп калса, алардын укуктары бузулгандыгы жөнүндө кабарлай тургандыгын эске салды.
Добавить комментарий ×