БШК: Жогорку Кеңешке жаңы депутат - Айнура Аскарова келди

28 мая 2019 10:40 1261 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айтмамат Назаровдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кезектүүлүк боюнча кийинки талапкер Аскарова Айнура Алмасбековнага өткөрүп берилди. Бул тууралуу Barometr.kg редакциясына Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан Анарбек Абазбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, БШК 2019-жылы 27-майда түшкөн жеке арызынын негизинде “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Назаров Айтмамат Кошоевичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу КР БШК “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Аскарова Айнура Алмасбековнага өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-zhogorku-keeshke-zhay-ayal-deputat-ajnura-askarova-keldi



Добавить комментарий