БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды
Бүгүн, 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева билдирди.
"БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө чечим кабыл алды", - деп жазды ал социалдык тармактарга.
Конституцияга ылайык, БШК шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаргандан кийин, Жогорку Кеңешке кайрадан шайлоо жарыялоого укуктуу.
Буга чейин, 5-октябрда парламентиик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапташтары митинге чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bshk-shajloonun-zhyjyntygyn-zhokko-chygardy
Добавить комментарий ×