БШК: Саат 12:00гө карата чет өлкөлөрдө 2 498 жаран добуш берди
Поделиться в:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 12:00дө чет өлкөлөрдө жашаган 2 498 кыргызстандык добуш берди.
Чет жердеги шайлоочулардын жалпы саны 49 479 жаран.
Чет жердеги шайлоочулардын санынын өсүшү 2020-жылдын 4-октябрына салыштырмалуу 16 877 жаранды (же 52%) түздү.
Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоо жана Кыргыз Республикасынын референдуму үчүн дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участкалары түзүлгөн.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо дүйнөнүн 26 өлкөсүндө 36 шайлоо участкасы болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/bshk-saat-1200g-karata-chet-lklrd-2-498-zharan-dobush-berdi
Добавить комментарий ×