БШК: Добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгында, партиялардын тизмеги өзгөрдү (тизме)

5 октября 2020 14:56 820 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 5-октябрда, брифингде БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова 4-октябрдагы шайлоодо добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгын жарыялады. Добуш берүүнүн жыйынтыктарынын бардыгы чыга электигин баса белгиледи. Бирок партиялар төмөнкүдөй жыйынтыкка ээ болушту:

"Биримдик" - 92 806 (19,05%).

"Мекеним Кыргызстан" - 119 234 (24,48%).

"Кыргызстан" - 45 495 (9,34%).

"Бутун Кыргызстан" - 29 960 (6,15%).

"Мекенчил" - 37 788 (7,76%).

"Республика" - 34 442 (7,07%).

"Ата Мекен" - 21 998 (4,52%).

"Ыйман Нуру" - 20 061 (4,12%).

"Бир Бол" - 14 788 (3,04%).

"Чоң казат" - 15 975 (3,28%).

"Замандаш" - 13 609 (2,79%).

"Социал-демократтар" - 10 960 (2,25%).

"Реформа" - 6 630 (1,36%).

"Мекен Ынтымагы" - 4 415 (0,91%).

"Ордо" - 1 083 (0,22%).

Афганистан согушунун ардагерлери - 734 (0,15%).

"Баарына каршы" - 9 188 (1,89%).

Добуштарды кол менен саноо шайлоо участкаларынын 71% нан алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин автоматтык түрдө эсептөө системасынын санаганы менен төрт партия ("Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан") 7 пайыздык босогодон өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-dobushtardy-kol-menen-sanoonun-zhyjyntygynda-partiyalardyn-tizmegi-zgrd-tizme



Добавить комментарий