БШК депутаттарына мэрия жаңы жылдык белектерди канчага сатып алаары айтылды
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына мэрия башкармалыгы жаңы жылдык белектерди 800 миң сомго сатып алаары белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты мамлекеттик сатып алуу порталы жазды.
Маалыматта белектер Орусия, Украина жана Европада жасалган шоколад, печенье жана вафлилерден даярдалат. Конфеттин бир түрү 3 даанадан көп болбойт. Ага кошумча белектин курамында карамель, жемиштер, цитрус өсүмдүктөрү да болот. Ал эми белектин жалпы салмагы 1751 граммдан аз болбошу керек. Ар бир белек баштыктын сыртында "мэриянын герби" жана анын астында "Бишкек шаардык кеңеши" деген жазуу болушу шарт.
Бул суроо боюнча социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан тендер 11-декабрда жарыяланган. Сынак 18-дкабрь күнү жыйынтыкталар.
Ссылка: https://barometr.kg/bshk-deputattary-zhay-zhyldyk-belekterdi-kanchaga-satyp-alaary-ajtyldy
Добавить комментарий ×