БШК 31 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөрдү

26 октября 2021 14:50 1827 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясы 31 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу БШКдан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.   

Бул ирет КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын, Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр фондунун аймактык өкүлчүлүгүнүн, Түркиянын жогорку шайлоо кеңешинин өкүлдөрү аккредитация алышты.

Бардыгы болуп 25 мамлекеттен 81 эл аралык байкоочу БШКдан депутаттарды шайлоону мониторинг кылыш үчүн уруксат алышты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо Кыргызстанда 28- ноябрга белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-31-el-aralyk-bajkoochunu-kattoodon-tkrd



Добавить комментарий