Британиялык белгилүү хирургдун үйүнөн адамдын миңдеген сөөктөрү табылды

1 октября 2020 10:03 1449 Barometr
Поделиться в:
ok

Саясатчыларды, спортчуларды жана белгилүү адамдарды дарылаган атактуу британиялык хирург Дерек Макминн адамдын сөөктөрүн жашыруун чогулткан. Бул тууралуу 30-сентябрда  The Independent басылмасы жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, доктур өз коллекциясын 1990-жылдардын башынан бери чогултуп келген. Ошол эле учурда, дарыгер иштеген Бирмингем ооруканасынын кызматкерлери анын өзгөчө хоббиси жөнүндө билип, анын хоббисине ар тараптан салым кошушкан. Айрымдары алынып салынган сөөктөрдү атайын идиштерге салып сактап калууга жардам беришкен, аларды дарыгерлердин жардамчылары чогултушкан.

2019-жылы, Макминн оорукананын жетекчилигине сөөктөрдү сактагандыгын мойнуна алган. Медициналык мекеменин кызматкери жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиргендей, окуя ал кезде коомчулукка кеңири тараган эмес, анткени Макминн "ал учурда чоң киреше алып келип турган кез" болгон.

Ал эми, хирург өзүнүн хоббисин пенсияга чыкканда сөөктөрдү изилдей тургандыгы менен түшүндүрдү.

Полиция дарыгерге карата тергөө ишин баштады. Дене органдарын сактоого расмий лицензиясы жок болгондуктан, ал Британиянын адам укутары жөнүндөгү мыйзамын бузган деп шектелүүдө.

Киевде хирургдар акыркы 15 жылда биринчи жолу жүрөк трансплантациялоо операциясын жасашты.

Ссылка: https://barometr.kg/britaniyalyk-belgil-hirurgdun-jnn-adamdyn-midegen-sktr-tabyldy



Добавить комментарий