Британияда ак үйдүн алдындагы тосмолорду белгисиз айдоочу сүзүп салды

15 августа 2018 00:45 1248 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Британияда ак үйдүн  алдындагы тосмолорду белгисиз айдоочу сүзүп салды. Маалыматтарга ылайык, кырсыктан бир канча киши жабыркап, тез жардам алып кеткен. Окуя бүгүн эртең менен саат 07:30да болгон. Полиция айдоочуну дароо кармап, учурда сурак иштери жүрүүдө. Ал эми ак үйгө жакын жол астындагы өтмөктөр окуяга байланыштуу убактылуу жабылды. 

Кырсыкка күбө болгон Эвелина чет элдик агенттиктердин бирине мындай деп билдирди: "Машина абдан катуу ылдамдык менен келип сүздү, анан катуу үн чыгып, түтөп эле жатып калды. Элдер туш-тарапка кыйкырып качышты. Жашы улгайып калган киши эмнеси болсо дагы деп таш эстеликтин артына бекинди"

Атайын сүздүбү же кырсыкпы, азырынча окуянын чоо-жайы тактала элек. 

Ссылка: https://barometr.kg/britaniyada-ak-jdn-aldyndagy-tosmolordu-belgisiz-ajdoochu-szp-saldy



Добавить комментарий