Бразилиянын президентин эмдөө албаганы үчүн футбол оюнуна киргизбей коюшту

11 октября 2021 11:24 1355 Barometr
Поделиться в:
ok

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару журналисттерге аны коронавирустан эмделгени тууралуу сертификаты болбогондуктан футбол оюнуна киризбей коюшканын айтып даттанды. Бул тууралуу РИА Новости булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

“Эмнеге эмдөө картасы жана паспорт керек? Мен жөн гана "Сантош" оюнун көрөйүн дегем, ага эмдөөнүн кандай тиешеси бар.Эмнеге? Менин эмделгендерге караганда көбүрөөк антителолорум бар”,-деп айтты саясатчы журналисттерге. Аны эки баласы жана кеңешчилери коштоп келгенин Metropoles басылмасы жазды.

Аталган ЖМКнын маалыматына караганда, президент эмгек өргүүсүндө жүрөт жана жумушчу жолугушуулаыр жок.

Бразилиянын президенти 2020-жылы июлда COVID-19 менен ооруп айыккан, азыркы учурга чейин эмдөө ала элек.

Ссылка: https://barometr.kg/braziliyanyn-prezidentin-emd-albagany-chn-futbol-oyununa-kirgizbej-koyushtu



Добавить комментарий