Бразилияда аял үч жашар уулун өлтүрүп, сөөгүн оюнчуктар салынган баштыкка салып койгон
Бразилиянын тургуну үч жаштагы уулун өлтүрүп, сөөгүн оюнчуктар салынган баштыкка салып коюп, өз жанын кыюуга аракет кылган. Полициянын айтымында, жубайлар бирге ынтымактуу жашашкан. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Өз жанын кыюу аракетинен майнап чыкпаган соң, 29 жаштагы кыз тирүү калып, учурда реанимацияда жатат. Бразилиялык аял уулун өлтүрүп, сөөгүн токойго таштап кеткенин мойнуна алган. Милиция кылмыштын себептерин иликтеп жатат.
Тергөөчүлөр бала муунтуп каза болгон деп эсептешет. Версиялардын бирине ылайык, кыз муну кызганычтын айынан жасаган. Күйөөсү убактысынын көбүн уулу менен өткөргөн. Ошондуктан айым күйөөсүн уулунан кызганган болушу мүмүкүн экени айтылды.
Добавить комментарий ×