Бостериде 25 грамм өлчөмүндөгү марихуана менен ууру кармалды

12 июль 2018 21:30 972 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусунун Бостери айылынан чөнтөгүндө 25 грамм салмактагы марихуана менен Кара-Балта шаарынын жашоочусу Ш.Нурсултан аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жайкы эс алуу учурунда ар кандай укук бузууларды алдын алуу максатында атайын тартип күчөтүү күчтөрү КР ИИМ ги тарабынан каралган. Иш үстүндө журүм-туруму шектүү катары эс алуучуну текшерүү учурунда арткы чөнтөгүнөн целлофан баштык табылган. Текшерүүдөн соң шектүү делген жарандын мурда уурдап кесилгендиги тастыкталды. Сурак иштеринен кийин Ш.Нурсултан атайын эс алып жаткандардын буюмдарын уурдоо үчүн келгени аныкталды. Учурда айыпталуучу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын наркотикалык заттарды изилдөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/bosteride-25-gramm-lchmndg-marihuana-menen-uuru-karmaldy



Добавить комментарий