Боронов жана Мишустин Кыргызстанга берилүүчү гумжардам тууралуу сүйлөштү

18 июля 2020 10:35 2133 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Кубатбек Боронов жана Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

«Өкмөт башчылар түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелери тууралуу сүйлөшүштү. Боронов россиялык тарапка өлкө үчүн оңой эмес мезгилде кыргыз элине көрсөткөн туруктуу жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Тараптар кыргызстандык жакка берилүүчү кезектеги гуманитардык жардам тууралуу сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-zhana-mishustin-kyrgyzstanga-berilch-gumzhardam-tuuraluu-sjlshld



Добавить комментарий

  • Султанмурад 4 года назад
    ИншаАлла ошол гумжардам кыргызстандык жарандардын ооруп жаткандарына берилсин.