Боронов: Партиялар үгүт учурунда өз кызыкчылыгыңарды өлкөдөн жогору коюп, элди чогултпагыла

23 сентября 2020 16:16 468 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов үгүт учурунда санитардык нормалар так сакталбай жаткандыгын айтып, саясий партияларды өз кызыкчылыгын өлкөнүнүн кызыкчылыгынан жогору койбоого чакырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын брифинг учурунда берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

“Шайлоо компаниясына катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө дагы бир жолу кайрылам. Үгүт иштери учурунда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган жок. Бул жоопкерсиздик катары каралат. Андыктан, өздүк кызыкчылыктарды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам”, - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-partiyalar-gt-uchurunda-z-kyzykchylygyardy-lkdn-zhogoru-koyup-eldi-chogultpagyla



Добавить комментарий