Боронов медиктерди окутуу жана кайрадан даярдоону күчөтүү керектигин айтты

9 сентября 2020 13:04 487 Barometr
Поделиться в:
ok

Медициналык адистерди COVID-19 дартынын алдын алуу жана дарылоо боюнча  тийиштүү курстардан өтүштү . Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жалпысынан тийиштүү курстардан 19 миңден ашуун медициналык кызматкер өткөн. Алардын арасында: вирусологдор, инфекционисттер, реаниматологдор, терапевттер, пульмонологдор, лабораториялык жана башка адистер бар.

Премьер-министр Кубатбек Боронов медиктерди окутуу жана кайрадан даярдоо процессин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өлкөнүн аймактарында врачтарды кайрадан даярдоо ишин күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген протоколдоруна ылайык, ооруну дарылоо ыкмасы ар бир дарыгер, өзгөчө республиканын алыскы райондорундагы дарыгерлер үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуусу керек. Акыркы, төртүнчү дарылоо протоколу өзүнө реабилитациялоо чараларын да камтыйт. Коронавирустан жабыркаган калкты реабилитациялоо маселесине чоң көңүл буруу зарыл», - деди Боронов.

Өкмөт башчы ошондой эле медкызматкерлерди жана коронавирустук инфекцияга чалдыккан жактарды жана кызматтык милдетин аткарууда каза тапкан медициналык кызматкерлердин үй-бүлөсүн бардык тийиштүү төлөмдөр жана компенсациялар менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-medikterdi-okutuu-zhana-kajradan-dayardoonu-kcht-kerektigin-ajtty



Добавить комментарий