Боронов: "Медициналык мекемелердин курулушун тездетүү керек"
Медициналык мекемелердин курулушун жана жабдууларды алуу процессин тездетүү керек. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жабдууларды, дары-дармектерди сатып алууну жана медициналык мекемелердин курулушун ишке ашырууну тездетүү керек. Бул тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине берди.
Жыйындын жүрүшүндө керектүү медициналык каражаттарды жана сасык тумоого каршы эмдөө үчүн вакцина алууга байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.
Ошондой эле жаңы ооруканаларды куруу жана медициналык мекемелерге ыңгайлаштырып жасалып жаткан объекттерди оңдоп-түзөө, муну менен катар жүргүзүлүп жаткан иштерди каржылоо маселелери талкууланды.
«Саламаттык сактоо тармагынын имараттарын куруу жана ремонттоо, керектүү медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди алуу, газификаторлорду орнотуу иштерин тездетүү зарыл. Калктын аярлуу катмарын эмдөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу шарт», - деди Боронов.
Штабдын отурумунда көпчүлүк жарандар коомдук жайларда санитардык-гигиеналык талаптарды сактабай жатканы айтылды. Жергиликтүү бийлик органдарына санитардык нормаларды сактоону катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.
«Карантин режимин басаңдатып, жумшарткандан кийин Бишкек шаарында ооругандардын саны 29-июндарда көбөйө баштаганын өзүңөр жакшы билесиңер. Бүгүнкү күндө коомдук транспорттордун, дүкөндөрдүн жана коомдук тамактануучу жайлардын иштөөсү үчүн бир катар жеңилдиктер берилди. Борбор калаанын көчөлөрүндө санитардык талаптар сакталбай жатканын баарыбыз эле көрүп жатабыз. Ошондуктан көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бишкек шаарында болгон июнь айындагыдай абал бир дагы райондо кайталанбашы керек. Алдыда күз-кыш мезгили турат, ар бир жарандын өмүрү, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого байланыштуу экенин унутпашыбыз керек», - деди премьер-министр.
Ссылка: https://barometr.kg/boronov-medicinalyk-mekemelerdin-kurulushun-tezdet-kerek
Добавить комментарий ×