Боронов: "Жарандардын өмүрү ар бир акимдин, айыл өкмөтүтүн ишинен көз каранды"

29 июля 2020 16:31 762 Barometr
Поделиться в:
ok

Кубатбек Боронов: "Эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган учурда жарандардын өмүрү аймактардагы ар бир акимдин жана айыл өкмөт башчынын натыйжалуу ишине көз каранды экенин эсиңерден чыгарбагыла". Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 «Айрым аймактарда илдеттин кесепетинен каза болгондордун статистикасы жогорулап жатат. Район акимдери үстүртөн көзөмөлдөбөй, ишке өздөрү аралашып, тапшырманы жүзөгө ашырууга тийиш. Ооруканадагы ар бир бейтап боюнча маалымат алып турсун. Буга чейин штаб тарабынан үймө-үй кыдырып, ооругандарды аныктоо милдети коюлган. Бул жумуш тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатат», - деди Боронов.

 Ошондой эле премьер-министр Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын агымы көп болуп жаткандыктан, аймакта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. 

 «Статистикалык маалыматтар боюнча, өткөн айда Ысык-Көлгө эс алуу үчүн 3 миң адам барса, июль айында - 20 күндүн аралыгында 10 миңден ашык киши барды. Эс алуучуларлын арасында дагы ооруп, дарыланып жаткандар дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан облусту, өзгөчө курорттук аймакты катуу көзөмөлдөө керек. Зарыл болсо кошумча күчтөр тартылсын», - деди өкмөт башчы.

 Жыйындын жүрүшүндө аймактарда медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү маселеси талкууланды.

 Премьер-министр дарыгерлер үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

 Муну менен катар отурумда күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшү да талкууланып, бул боюнча тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-azyr-zharandardyn-mr-ajmaktardagy-zhetekchinin-ishine-kz-karandy



Добавить комментарий