Боронов: Абал туруктуу сакталса, дагы башка аба каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөт

23 сентября 2020 16:02 654 Barometr
Поделиться в:
ok

Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун брифинг учурунда берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Эң көп кайрылуулар авиа каттамдарды жандандырылуусу боюнча келип жатат. Өткөндөгү брифингде 32 өлкөгө каттамдарды ачууга макулдук берилди. Анын ичинен өтө көп суралган: Орусия, Казакстан, Түрк Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары ж.б. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштерди күчөтөбүз", - деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-abal-turuktuu-saktalsa-anda-dagy-bashka-aba-kattamdardy-achuu-boyuncha-ishter-zhrgzlt



Добавить комментарий