Борбордук Азиядагы алгачкы аял-хирург Какиш Рыскулова 15-октябрда 100гө чыкмак

27 августа 2018 18:35 1255 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Борбордук Азиядагы алгачкы аял-хирург, академик, билим берүүнүн отличниги, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери жана ишмери, медицина илимдеринин доктору  Какиш Рыскулова дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиядан билдиришти.

Профессор ушул жылдын 15-октябрында 100 жашка чыкмак. 

Ал 1918-жылы Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда төрөлгөн. 1934-жылы Фрунзедеги республикалык медициналык училищеге тапшырган. 

Какиш Рыскулова 250дөн ашуун илимий эмгектин, 13 монографиянын, 11 ачылыштын автору.

Какиш Рыскулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта Кыргыз драма театрында саат 10до болот.

Ссылка: https://barometr.kg/borborduk-aziyadagy-algachky-ayal-hirurg-kakish-ryskulova-15-oktyabrda-100g-chykmak



Добавить комментарий